ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери укукка каршы аракеттерди жасаган шектүүнү кармашты.

2021-жылдын август айында Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунун тоноп кетишкен. Бишкек шаарынын базарларынын биринен жабырлануучунун жанына бир белгисиз жаран келип, физикалык күч колдоном деп коркутуп, 6000 сом акча каражатын, өздүк буюмдарын, анын ичинде документтерин тартып алган. Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттер боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал мурда тоноочу менен тааныш болбогонун жана эч кандай байланышы жоктугун билдирген.

Бул факты аймактык ИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун аймагындагы айылдардын биринен шектүүнү кармоону жүргүзүшкөн. Тоноого шектүү катары 1996-жылы туулган Талас облусунун тургуну 1996-жылы туулган М.М. кармалды. Жаран М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин Басма сөз кызматы