Аламүдүн районунда дайынсыз жоголгон 70 жаштагы Садык Дуулатов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Садык Дуулатов 2022-жылдын 31-январында Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан Ак-Жар конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: 155-160 см, арык дене түзүлүштө, чачы кыска агы бар, көзү кара.

Өзгөчө өзгөчөлүктөрү: альцгеймер оорусу менен ооруйт.

Садык Дуулатовду көргөндөр болсо милицияга кабарлап койсоңуздар болот: 0 (312) 36-35-27, 0550) 34-33-63, 0 (504) 77- 22-77.