Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын январь айында 3 млрд 352,9 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бекитилген план 108,2 пайызга аткарылды же 252,9 млн сомго ашык жыйналды.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын январь айына салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 834 млн сомго көп жыйналды же өсүү темпи 133,1 %ды түздү.