Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев өзүнүн отставкасы тууралуу айың кептерге берген  комментарийин  “Кабар” агенттиги жазды.

Мэр өзү билдиргендей, калаа башчы кызматынан кетүүнү пландап жатпаганын жана бул тууралуу укпаганын айтты.

“Учурда президент менен иш сапарда жүрөм. Отставка тууралуу эч нерсе айтылган жок”, — дейт ал.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин кетиши мүмкүн деген сөздөр кызуу талкууга алынган. Жаңы мэрликке талапкерлердин бири катары Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы Талант Иманакун уулу аталган.

Ал эми Айбек Жунушалиев мэрлик кызматын 2021-жылдын 3-сентябрынан баштап ээлеп келет.