Кечээ, 15-февралда Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева БУУнун башкы катчысы Антониу Гуттеришке ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Антониу Гутерриш  жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү  иш-аракеттерди каалаган.

“15-февралда БУУнун  Башкы катчысы Антониу Гутерришке Ишеним Грамотасын тапшырдым. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан жылуу каалоо-тилектерин айтып, ошондой эле өлкөнүн айлана-чөйрөнү, анын ичинде тоо экосистемасын коргоо боюнча көрүп  жаткан чаралары тууралуу маалымат бердим.

Антониу Гутерриш  өз кезегинде мени жылуу кабыл алып, Кыргыз Республикасы менен БУУнун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү максатында мындан аркы ийгиликтүү  иш-аракеттерди каалады.

Ал ошондой эле Президентке жана өлкө элине чын жүрөктөн салам айтып, Кыргызстанга бир нече жолу келгенин жана кыргыз элин, жаратылышын, тоолорунун кооз жерлерин жылуу сезимдер менен эскерерин өзгөчө белгиледи. БУУнун Башкы катчысы Кыргызстан тоо күн тартибин алдыга жылдырууда лидер экенин баса белгилеп, бул багытта мындан аркы ийгиликтерди каалап өттү”, — деп жазган.