Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин талкуулап жатып билдирди.
Эл өкүлү өлкөнүн башталгыч мектептерине комуз сабагын киргизүүнү, мектеп формасын улуттук калпак менен толуктоону сунуштады.
«Башталгыч класстарга комуз, манас таануу сабактарын киргизүү зарыл. Мындан тышкары калпакты киргизүүнү сунуштайм: башталгыч класстарда – бир түрү, орто жана жогорку мектептерде – башка. Бул биздин улуттук баш кийимибизди даңазалайт. Бизге ата-бабаларыбыздан калган улуттук форманы киргизүүнү көптөн бери сунуштап келе жатам», – деди ал.