Айрым медициналык жогорку окуу жайларда билим берүүнүн сапаты талапка жооп бербейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.

Анын айтымында, эл арасында медициналык ЖОЖдорду аяктаган медицина адистерине айтылган сындар көбөйүүдө.

“Эл арасында жаш медицина кызматкерлерининин ишине нааразы болгондор бар. Медицина кызматкерлерине билим берүүнүн сапаты талапка жооп бере албайт. ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн кайра карап чыгуу зарылдыгы пайда болду. Медицина ЖОЖдоруна лицензияны Билим берүү министрлиги, ал эми форма 06ны Саламаттык сактоо министрлиги берет. Медициналык жардам көрсөтүүдө көп нерсе медкызматкердин билим деңгээлине көз каранды. Сөзсүз чара көрүү зарыл, айрым жаңылыктар киргизилет”, — деди ал.

Ал өлкөдө медиктерди 22 ЖОЖ даярдап чыгарарын, анын ичинде бешөө мамлекеттик, калган 17си жеке жогорку окуу жай экендигин кошумчалады.

“Мен ошондой эле жеке ЖОЖдорго дагы бардым, алардын айрымдарынын билим берүү деңгээли төмөн. Саламаттык сактоо министрлигинде жакын арада комиссия түзүлүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо министрлиги алардан форма 06ны жокко чыгарса дагы, Билим берүү министрлиги аларга лицензия бергенинин мааниси барбы?”, — деди министрдин орун басары.