Коом

Кыргызстан токойлуу жерлерди ижарага берүүдөн 64 миллион сом киреше тапты

Өткөн жылы Кыргызстан токойлуу жана токой эмес жерлерди ижарага берүүдөн 64 миллион сом киреше тапкан. Бул тууралуу маалымат жыйынында Айыл чарба министрлигинин алдындагы токой кызматынын директору Алмаз Мусаев билдирди.

«325 миң гектар токойлуу жана токой эмес жерлер, анын ичинде 277 миң 700 гектар токой жайыттары ижарага берилген. Токой жерлерин ижарага берүүдөн түшкөн киреше 64 млн 589 миң 968 сомду түздү, анын ичинен 15 млн 25 миң 863ү токой жайыттарын пайдалануудан түшкөн», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик токой фондунун жалпы аянты 2 миллион 619 миң 700 гектарды түзөт, анын 1 миллион 116 миң 600 гектарын токой ээлейт. Бул республиканын жалпы территориясынын 5,6 процентин  түзөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button