Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы журналист Семетей Талас уулу кандай иш боюнча кармалганы тууралуу маалымат берди.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жараны С.Т кармалган.

Ал экстремисттик материалдарды таратууга шектелип жатканы кабарланды.

Учурда тийиштүү тергөө иштери жүрүүдө.

Эске салсак, Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн колун кайрып, алып кетишкен.