Москвада «Лейлек коому» Исхак Раззаковдун кызына жардам көрсөтүштү
Москвада «Лейлек коому» Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковага жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу «Мигранттар Профсоюзу» уюмунун жетекчисинин орун басары Акбар Разыкулов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Москва шаарында, 19.02.2022 Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы миграция жана диаспоралар маселелери боюнча өкүлү Расулов Сагынбай Акматович, «Мигранттар Профсоюзу» уюмунун жетекчисинин орун басары Разыкулов Акбар Мухидинович, Лейлек коомунун төрагасы Сулайманов Эркинбек Сулайманович, Кара-Кулжа аялдар коомунун өкүлү Венера Маматова болуп, улуу инсан, Кыргыз Республикасынын түптөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Республикасынын баатыры Исхак Раззаковдун кызы, Эльмира Раззакова эжеге жолугуп, көрүп, кабар алып, сүйлөшүп келдик.
Элмира эжебизге Алла таалам ден соолук берсин,көп жашасын. Эжебиз демдүү, кайраттуу.
Баарыңыздарга ысык салам айтып, жакшы дуа-тилегин берди.
Эльмира РАЗЗАКОВА эже көп жашаңыз!», — деп жазды.