Министрлер кабинети тарабынан 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби боюнча токтом кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул төмөнкүлөргө берилет:

– курман болгон жарандын балдары жана асырап алган балдары – ата-энесинин өлгөн күнүнөн тартып, алар он сегиз жашка толгонго чейин;

– курман болгон жарандын ата-энеси (атасы, энеси) – пенсия курагына жеткен күндөн тартып, эгерде курман болгон адам жалгыз бала болсо – өмүр бою;

– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп табылган жарандар – майыптуулук белгиленген күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын маалымкатынын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин. Кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул эсептик көрсөткүчтөрдүн отуз жети өлчөмүндө дайындалат.