Айсулуу Тыныбекова 24-27-февраль күндөрү Стамбулда (Түркия) өтүп жаткан  Yasar Dogu эл аралык турниринде чейрек финалга чыга алган жок.

62 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалда Бразилиядан келген спортчу менен беттешип, 0:8 эсебинде жеңилип калды. Бул Айсулуу Тыныбекова үчүн бул турнирдеги алгачкы беттеши болду.

Эске салсак, бүгүн Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы медалдар үчүн күрөшкө чыгышат.