Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) медиктердин 2021-жылдын декабрь жана 2022-жылдын январь айы үчүн компенсациясын төлөп берди. Бул тууралуу аталган фонд билдирди.

Билдирмеге караганда, ММКФ жалпы жонунан декабрь менен январь айларына 58,3 миллион сом бөлгөн.

«Эки айда Саламаттык сактоо уюмдарынын коронавирус менен күрөшкөн 3 641 кызматкерине компенсация берилди. Анын ичинен 1 086сы дарыгер, 1 369 орто, 615 кичи медперсонал жана 571 башка кызматкер алды», — деп айтылат маалыматта.

Ай сайын төлөнчү компенсациянын республика боюнча бөлүштүрүлүшү:

Бишкек (COVID менен күрөшкөн 1 956 медкызматкер) — 27 миллион 800 сом;

Чүй облусу (411 медкызматкер) — 11 миллион 600 сом;

Ош облусу (321 медкызматкер) — 6 миллион 500 сом;

Баткен (129 медкызматкер) — 3 миллион 400 сом;

Жалал-Абад облусу (92 медкызматкер) — 3 миллион 400 сом;

Ысык-Көл облусу (310 медкызматкер) — 3 миллион 400 сом;

Нарын облусу (54 медкызматкер) — 600 000 сом;

Талас облусу (77 медкызматкер) — 1 миллион 600 сом.