Анкара шаарында Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов Түркиянын Улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен жолугушту, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КР коргоо министринин Түркияга иш сапары түрк тараптын демилгеси менен уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар коргоо жаатындагы кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашып, андан ары ишке ашыруунун негизги кадамдарын аныкташты.

Азыркы учурда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык аскер кадрларын даярдоо, тынчтыкты сактоо жаатында жана аскердик медицина сыяктуу багыттар боюнча ишке ашып келүүдө.