Саясат

Президент Конституциялык жана Жогорку соттун жаңы жетекчилерине мүнөздөмө берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XII курултайына катышууда. Ал сөз сүйлөп жатып, Конституциялык жана Жогорку соттун жаңы жетекчилерине мүнөздөмө берди.

«Мына жакынкы эле арада Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Жогорку Сотунун жетекчилиги алмаштырылды. Ошол жетекчи кызматтарга жалпы сот системасы үчүн чындап күйгөн, анын ишин алдыга жылдырууга кудурети жете турган, тажрыйбалары зор, таза, потенциалы күчтүү, амбициялуу адамдар келди деп ойлойм. Албетте мурдагы төрагалары дагы жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Бул жерден жөн гана ар бир 3-5 жылда алмашып турса, реформалар тез-тез жүрүп турат деген гана үмүт. Сиздерге жеке мен эле эмес, бүткүл кыргыз эли чоң үмүт артып олтурат. Андыктан, элдин үмүт-тилегин актап иштешиңер керек! Силердин ары татаал, ары жоопкерчиликтүү ишиңерге ийгиликтерди каалайм!»,- деди ал.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button