Нарын дарыясына 8 жаштагы Т.Т. аттуу жаш бала түшүп кеткендиги тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 31 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 60 адам жана 23 милиция кызматкер тартылган. Жалпы 55 чакырым аралыкта издөө иштери жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 9-март күнү да издөө иши улантылат.