Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы салтанаттын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары!

Кадырлуу эл өкүлдөрү!

Эң алды менен кечээ жакында эле белгиленген Мамлекеттик туубуздун 30 жылдыгы менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Мыйзам чыгаруу бийлиги мындан туура отуз жыл мурун кыргыз элинин байыркы тарыхын, тарыхында мамлекетүүлүгү болгонун, анын далили катары кызыл байрагы желбиреп келгенин дүйнө элине жеткирип, Мамлекеттик туу жөнүндө мыйзам кабыл алып берген эле. Мына ошондуктан, ошол кездеги эл өкүлдөрүнө жана алардын мураскору катары бүгүнкү Жогорку Кеңеш депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Ошону менен бирге депутат айымдарыбызды дагы кечээги Аялдардын эл аралык күнү — 8-март майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Элибиз эзелтеден эле кыз кишиге өзгөчө мамиле, сый-урмат көрсөтүп келгени белгилүү. Бүгүн дагы жалпы аялзатына, анын ичинде сиздерге бардык жакшылыктарды каалайм. Бар болуңуздар!

Ал эми бүгүнкү Жогорку Кеңеш жыйынында мыйзамга ылайык, эл өкүлдөрүнүн жана президенттин алдында ант берген жаңы министрлерибизге тилегим, эл үчүн кызмат кылам деп берген антыңыздарды эстен чыгарбасаңыздар. Бийликтин жүзү аткаруу бийлигинин, башкача айтканда, мына урматтуу министрлер, сиздердин ишиңиздер аркылуу ачылат. Ишеним артылып, бүтүндөй бир тармактын жүгүн тартам деп иштөөгө белсенип келген соң, бул милдетти аткара албасаңар мамлекеттин жалпы ишине жооптуу катары мага — Президентке, анан силерди ишти жөндөп кете алат деп макулдугун берип шайлап берген мыйзам чыгаруу органына сөз тиет. „Эл тараза, эл сынчы“ дегендей, иштеген ишиңер, тарткан жүгүңөр элдин элегинен бат эле эленип, байкалып калат. Жигердүү иш алпарып, мыкты-мыкты демилгелерди көтөрүп таза иштеп берсеңер атыңар тарыхта жазылат. Иштемиш эткен түр көргөзүп, эч кандай жылыштар байкалбаса, ага кошумча ар кандай мыйзамсыз аракеттериңер байкалса, бүтүндөй министрликтин аброюна, ал тургай, жогоруда белгилегенимдей, бүтүндөй бийлик системасына объективдүү сын айтылары турган иш.

Урматтуу мыйзам чыгаруу органынын өкүлдөрү!

Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан сырт эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албастыгы белгилүү. Анын ичинде Кыргызстан дагы коңшу мамлекеттер менен, кайсы бир уюмдарга мүчө-мамлекет катары эл аралык коомчулук менен тыгыз байланышта иш алпарат. Бүгүн дүйнө жүзүндө өнүгүү процесстери ушундай тез ылдамдык менен бара жатканына күбөбүз. Коронавирус пандемиясынан кийин өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Ошону менен катар бүгүнкү күндө Россия менен Украинанын ортосунда болуп жаткан окуялардын кесепети дээрлик бардык мамлекеттерге терс таасир этип атканын көрүп жатабыз. Кыскасы дүйнөлүк деңгээлде соода-экономикалык, коопсуздук, алака-катыш жана башка чөйрөлөрдө абал кыйын. Айрыкча акыркы күндөрдө эл аралык жагдай жана дүйнөлүк рыноктогу кырдаал кескин курчуп баратат, буга баам салып байкап турасыздар. Албетте биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан биз калыс өлкө болушубуз керек.

Доллардын кунунун көтөрүлүшүн, күйүүчү майга карата баанын жогорулашын, азык-түлүктүн баалары да барган сайын өсүп жатканын элибиз менен чогуу баштан өткөрүп жатабыз.

Ушундай кыйчалыш убакта бизге эң оболу ынтымак керек болуп турат. „Ынтымак бар жерде ырыс бар“ деген накыл кеп бар элибизде. Бизге капшабы тийип жаткан сырткы таасирлерди жумшартуу максатында бийлик бутактарынын жасаган иши менен айткан сөзү айкалышып, бир багытты көздөп, бир муштумга бириккендей иш алпарышыбыз абадай зарыл болуп турган чак.

Мен өткөндө Министрлер Кабинети тарабынан жогоруда тизмектелген каатчылыкка каршы иш-чаралар планы иштелип чыккандыгын айттым эле. Албетте, биздин биринчи приоритетибиз — экономикалык потенциалыбызды мүмкүн болушунча сактап калуу болууда. Сиздерде дагы жакшы ой-пикир, жакшы сунуштар бар экенине ишенем. Болгону бири-бирибизди сындап, „кылдан кыйкым издебей“, ишибизди илгерилетүүнүн үстүндө гана болсок деген тилек. Башкага убакыт жок. Дүйнөлүк экономикалык агым, баалардын өсүү темпи биздин сындашып, акыйлашып олтурганыбызга карабайт. Амбицияларыбызды жыйыштырып, оппозиция-позиция дебей, жалпы журтубуз менен бул сыноодон татыктуу өтүү үчүн колдон келгендин баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу мезгил талабы болуп турат.

Мына бүгүн „Кумтөр“ маселесин колдоп бердиңиздер, терең ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы бир топ маселелер — мамлекетибизди экономикалык каатчылыктан чыгарып кетүүчү эң чоң долбоорлор болот. Аларды дагы сиздерге алып келебиз. Сиздер менен биргеликте коркпой, эки жакты карап кылчактабай, чечкиндүү кадамдарга барып, тездик менен алдыга жылууну  уланта беребиз.

Кризистик абал бара-бара оорлошо бере турган болсо, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күчүбүздү, бар мүмкүнчүлүгүбүздү жумшоого туура келет. Андыктан, Министрлер Кабинети негизги басымды айыл чарбасына жасап, айдоо жерлерибизди кысыр калтырбай эгин эгип, жалпы эле айыл чарба продуктыларын өндүрүү менен аларды кайра иштетүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканы да ушундан.

Кудайга шүгүр, мээнеткеч, иштегенден талбаган дыйкан элибиз бар. Алар болгону сугат суу, таза үрөн, жер семирткич жана арзан насыя гана талап кылып келе жатат.

Биз колубузда болгон акчабыздын баарын бердик, 26 миллиард сом. Албетте, бул сумма бардык дыйкан-фермерлерди дүңүнөн камсыз кылып коюуга жетпейт. Ошондуктан эмдиги жылдарга дагы караштырып жатабыз. Биздин оюбуз боюнча үч-төрт жылда толук камсыз кылабыз. Албетте, казынабыз толтура болсо, быйыл эле толук камсыз кылып койсок жакшы болот эле. Бирок акыбалыбызды жакшы билесиздер. Пандемиядан кийин биз эмес өнүккөн өлкөлөрдүн экономикасы да калыбына келе элек. Бирок ушундай кыйынчылыкка карабастан, 1-апрелден тартып бардык социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акыларын 50 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрөлү деп чечтик. Эмгек акылар бир гана салыктын эсебинен көтөрүлөт. Өткөндө бир депутат „кредит алып эмгек акы көтөрүп жатасыңар“ деди. Министрдин орун басары тыңгылыктуу жооп бере албай жатат, же өзү билбейт, же даяр эмес. Ал орун басар боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасына тапшырма бердим. Кызматка татыктуу эмес болсо бошотуш керек. Азыр биз кызматка тааныш билиши, же бирөөнүн көңүлү үчүн кармап турууга акыбыз да жок. Бизди убакыт күтпөйт.

Эми иштейм деген элдин мындай талабын орундатып, саясатын жөндөп бере албасак, бийлик бутактарында отуруп, элге кызмат кылып атабыз деп айтпай эле коелук.

Берекелүү түшүмдүн эң башкы себеби эле сугат суусу. Ошол үчүн „Суу — өмүр булагы“ деп айтылат эмеспи. Бул багытта Өкмөт жыл башынан бери эле ирригация системасын жолго коюуга, каналдарыбызды тазалоого тийиштүү каражат бөлүп, алардын натыйжалуу пайдаланылышына бекем көзөмөл жүргүзүп жатат. Тармактык министрликтердин дал ушул багытка жооп берген орун басарлары жүргүзүп жаткан иштери, бөлүнүп жаткан каражаттар тууралуу парламент жыйындарында маалымат берип, ар бир каражаттын кайда, кандай жумшаларын чечмелеп берип жатат деп ойлойм.

Кыскасы, эмгекчил элдин койгон талабын өз учурунда аткарып, „жаздын бир күнү жылга тете“ дегенди эстен чыгарбай, эл менен тыгыз иштешүүгө маани беришибиз зарыл.

Ыкчам чечүүнү талап кылган калган маселелер боюнча, мен өткөндө да айттым эле, Министрлер Кабинетинин чоң жыйынына келип, өз маалында маселе коюп, жообун алсаңыздар болот. Министрлер Кабинетинин толук курамынын жыйыны ар бир бешинчи күнү саат 18-00до өтүп турат. Сиздер барып катышканга акылуусуздар.

Сөзүмдүн акырында ишибиздин ыкчам жүрүшү үчүн ийкемдүү делген ыкмалар, иш-аракеттер менен кызматташуу болсо деген тилегим бар.

Жогоруда белгилеп айтканымдай, ынтымагыбыз бекем болгондо гана көздөгөн максатыбызга жетебиз. Буга сиздер да макулсуздар деп ойлойм.

Ишиңиздерде ийгилик болсун!

Эл өкүлү катары эл үчүн иштейбиз деп келгендеги максатыңыздар ишке ашсын!

Кыргызстаныбызда тынчтык, өнүгүү болсун!».