Sky Sports порталынын маалыматына ылайык, Роман Абрамович Конор Макгрегорго жана ирландиялык спортчунун өнөктөштөрүнө чечкиндүү баш тартуу менен жооп берген. Орусиялык миллиардер такыр башка типтеги кожоюн издеп жатат, деп жазат ММКлар.

Абрамович өз клубун ишкерлердин колуна тапшырууга даяр эмес, алар үчүн бул акча табуунун дагы бир жолу болуп калат. «Челсини» европалык элитада сактап калуу жана жаңы стадион маселесин чечүү — бул ишкер келечектеги мураскеринен кепилдик алгысы келген негизги маселелер.

Макгрегор «Челсини» сатып алууну каалаганын бир нече жолу билдирген. Кийинчерээк ал бул тамаша эмес, «хайп» жаратуу аракети эмес экенин айтат.

«Атлетик» гезити Роман Абрамович «Челсини» сатууга шашылбай жатканын билдирди. Клубду башка инвестордун сатып алуусу бир нече айдан бир жылга чейин созулушу мүмкүн.

Орусиялык миллиардер жок дегенде жайга чейин клубду жетектеп калышы мүмкүн. Бул Улуу Британия «Челсинин» ээсине санкция киргизеби же жокпу, ошого жараша болот. Окуялардын жагымдуу өнүгүшү  «Челсинин» келечектеги тагдырына салым кошо алат.

Бирок, The Athletic Роман Абрамович Украинадагы окуяларга чейин эле клубду сатууну чечкенине ишенет. 12-февралда Дубайда Клубдар боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалы өткөн маалда «Челсинин» ээси мураскер издөөнү чечкен.

Роман Абрамович чын жүрөктөн команданы «Челсинин» статусун сактап, Европанын алдыңкы клубдарынын бири катары жетишкендиктерин арттыра турган адамга гана саткысы келет.