Саясат

“ КРнын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол коюлду

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Инвестициялар чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүү жана Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. 

Республиканын экономикасына инвестицияларды, анын ичинде чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатынын жана чет өлкөлөр менен өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

Республиканын инвестициялык потенциалын жогорулатуу, экономиканын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө жана тармактарына инвестицияларды тартуу, экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү менен инвестициялоо процессинин өз ара байланышын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

 

Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү башкаруу системасын өркүндөтүүнүн маанилүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелсин:

– экспортко багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү максатында Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу чөйрөлөрүнө, тармактарына жана региондоруна инвестициялоого ата мекендик жана чет өлкөлүк ишкерлер үчүн дем берүү жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү, ошондой эле ар бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвестицияларды активдүү тартууга көмөк көрсөтүү боюнча милдеттерди кынтыксыз аткаруусу;

– өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн мамлекеттин финансылык каражаттарын, эл аралык финансылык институттардын жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдардын зайымдык ресурстарын жана техникалык көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарын) пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болуучу инвестицияларды борбордоштуруп башкаруу системасын түзүү;

– Кыргыз Республикасынын эл аралык беделин жакшыртуу, экономиканын тармактарын жана өлкөнүн региондорун динамикалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу, алдыңкы технологияларды трансфер кылуу үчүн чет өлкөлүк, анын ичинде түздөн-түз инвестицияларды кеңири тартуу, инвестициялык климатты ырааттуу өркүндөтүү;

– республиканын экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ишкердик субъекттеринин чет өлкөлүк инвесторлор, соода өнөктөштөрү, чет өлкөлүк өкмөттүк жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу;

– экономикалык туруктуу өсүштү камсыз кылуу максатында оптималдуу бажылык-тарифтик саясатты жүргүзүү, экспорт кылуучуларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү, соода инфраструктурасын, электрондук коммерция системасын ырааттуу өнүктүрүү, бул чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;

– ата мекендик товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы рынокторго чыгуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, натыйжалуу транспорттук коридорлорду түзүү, жеткирүүлөрдүн географиясын диверсификациялоо максатында заманбап логистикалык борборлорду өнүктүрүү;

– тышкы рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн эл аралык стандарттардын жана техникалык регламенттердин талаптарына ата мекендик товарлардын шайкештигин жана продукциянын сапатын башкаруунун заманбап системаларын кеңири киргизүүнү камсыз кылуу, сооданын туруктуу өсүшүн жана инвестициялык саясаттын активдешүүсүн камсыз кылган алдыңкы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү;

– ишкердик иштин субъекттеринин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүргүзүү;

– экономиканын артыкчылыктуу тармактарында ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу, инфраструктуралык жана институттук кайра өзгөртүүлөрдү жүргүзүү, жагымдуу укуктук, экономикалык-уюштуруучулук шарттарды түзүү.

“Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги “KADI” мамлекеттик мекемесинин базасында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик (мындан ары – Улуттук агенттик) түзүлсүн.

Улуттук агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасына тышкы кайтарымсыз көмөк көрсөтүү каражаттарын (гранттарды, техникалык көмөктү, максаттуу кайтарымсыз жардамды) тартуу чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзүү жана координациялоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп эсептелет деп а ныкталсын.

Ошондой эле, бул Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Сабиров Равшанбек Азатович дайындалды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button