Кечээ, 16-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү.

Сынак «Айтыш» коомдук фонду жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги биргеликте уюштурду.

Тандоо туруна 49 акын катышып, финалга өткөн 12 акын күч сынашкан.

Айтыштын тандоо турунан өткөн 12 акындын ичинен Амантай Кутманалиев баш байгеге ээ болуп, 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу(150 миң сом), экинчини Баян Акматов ээлесе, (100 миң сом) үчүнчү орунга Мамбеттокто Мамбеторозо татыды. (50 миң сом).

Ал эми айтышка катышкан калган сегиз акын: Мамбет Өмүр уулу, Асылбек Маратов, Элмирбек Иманалиев, Абдуали Акимбеков, Максат Кулуев, Мундузбек Усупбек уулу, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев кызыктыруучу сыйлык катары 35 миң сомдон акчалай байге менен сыйланды.