КоомСпорт

Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батир белек кылды

Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго бир бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

«Нурбек агайыбыздын эмгегин баса белгилеп айткым келет. Мен үчүн спортчу катары тарбия берип, ошол эле учурда адам болууга бүгүнкү күнгө чейин өзүнүн билимин берип келет. Мен үчүн кыйын учурлар болгон. Ал кезде өз үйүнөн бөлмө берген болчу. Азыр болсо агайга Бишкектен батирдин ачкычын берейин деп турам», —  дейт балбан кыз.

Эске салсак, бүгүн КТРКнын залында «Нурбек агай» аттуу тасманын бет ачары болду.

Тасма Ысык-Көл облусунда, ошондой эле спортчуларды Токио Олимпиадасына даярдоо учурунда Казакстанда тартылган.

Режиссёр жана сценарист – Кыргызстандын эл артисти Тынай Ибрагимов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button