Эртең айрым аймактарда таза суу болбойт. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өчүрүүгө НВО суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндө оңдоо-профилактикалык иштер жүргүзүлүп жатканы себеп болууда.

«Эртең, 22-мартта саат 9.00дөн 15.00гө чейин 7-апрель, Анкара, Октябрьская, Менделеев көчөлөрү менен чектешкен аймактарда жана темир жол тилкесинде муздак суу болбойт.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты жана мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат», — деп айтылат билдирүүдө.