Коом

Раззаков шаарында Нооруз майрамы белгиленди. Сүрөт

Раззаков шаарында Улустун улуу күнү Нооруз майрамына арналган салтанат болуп өттү. Иш-чарага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Ташбалтаев Абдирашит Каримович, Раззаков шаардык Кеңешинин төрагасы Сапаев Бакытбек Төрөбаевич жана шаар мэри Рысов Чыңгызбек  Абжалилович катышты. Бул тууралуу Раззаков шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Салтанатта шаар тургундарын майрамы менен куттуктап сөз сүйлөгөн  мэр Чыңгызбек Рысов мэрия тарабынан жасалган иштерге токтолду.

«Урматтуу Раззаков шаарынын тургундары!

Сиздерди Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден  куттуктайм!

Күн менен түндүн теңелгенине туш келген Чыгыш элдеринин кылымдарды карыткан бул жаркын майрамы жаратылышты, адамдарды, коомду жаңыланууга, тазаланууга чакырат.

Майрамды утурлай  көп улутту камтыган шаарыбыз,  Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен «Раззаков» шаары деген сыймыктуу ысымды алып отурабыз.

«Кыргыз Республикасынын Баатыры»,  чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззакович Раззаковдун атынан аталып, Улуу инсандын ысымын татыктуу алып жүрүү, кийинки урпактарга сыймыктангыдай – гүлдөп өнүккөн шаарды калтыруу бул биздин максат.

Өзүңүздөргө маалым болгондой аз убакыт ичинде шаар мэриясы:

-Таза суу түтүктөрүн реконструкциялоо долбоорунун 1 — этабы боюнча атайын техника жана жабдуулар алынып  келинди;

-«Самат» атындагы эс алуу багынын аймагын абаттоо долбоору ишке ашты;

-Шаардын көчөлөрүнө жол белгилери, жол чырактары орнотулду;

-Кириш тарапка Стелла курдук, Исфана жазуусу Раззаков болуп өзгөрдү. ж.б. көптөгөн иштер ишке ашырылды.

Биздин шаар чек арага жакын жайгашып, Эгемендүү Кыргызстаныбыздын бир бурчу башталган шаар десек жаңылышпайм. Коңшу өлкө менен болуп өткөн кырдаалдарга карабай, биз  достук мамилелерди чыңдап, ынтымак-ырашкердикте болууга болгон күч аракетти жумшайлы.

Ыйык Нооруз майрамы, ар бир үй-бүлөгө жакшылыктарды, бакубат жашоо, бакыт-таалай алып келсин!

Алдыга ишенимдүү кадам шилтеп, «Раззаков» шаарыбыз гүлдөп өнүгө берсин!

Нооруз майрамыңыздар менен!»

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button