Кылмыш-кырсык

Таразда 35 жаштагы эркек кишини МРТ аппараты жутуп каза болду

Тараздагы клиникалардын биринде 35 жаштагы эркек киши МРТ аппаратынын ичинде каза болгонун казак басылмалары жазып чыкты.

Аппарат эркек кишини түзмө-түз ичине соруп, дагы бир 70 килограммдык аппарат менен жанчылып калган. Анын сөөгүн куткаруучулар кыйынчылык менен алып чыгышкан, деп билдирет КТК телеканалы.

Маркумдун жакындары кырсык болгон медициналык мекеменин кызматкерлерин жазалоону талап кылууда.

Каргашалуу окуя 19-мартта катталып, популярдуу клиникалардын биринде болгон, ал окуядан кийин дагы иштеп, бейтаптарды кабыл алууда деп айтылат маалыматта.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, эки куруучу МРТ аппаратын жылдырмак болушкан. Күтүлбөгөн жерден, 35 жаштагы жаранды токко сайылып турган МРТ аппараты ичине жутуп, ал эки бүктөлүп калган, ал учурда 70 килограммдык аппарат аны кысып калган. Дарыгерлер келгенде өлүмдү жарыялоого аргасыз болгон.

«Саат 13.00дөр чамасында «102» пультуна «Invivo» лабораториясында 35 жаштагы жарандын каза болгондугу тууралуу чакыруу түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 156-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Казакстан Республикасынын (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу) Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат”, — дейт  Жамбыл облустук полиция департаментинин башкармалыгынын басма сөз катчысы Гүлсара Мухтаркулова.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button