Ирландиялык UFC мушкери Конор Макгрегор унаасын кооптуу айдаганы үчүн ирланд полициясы тарабынан камакка алынганын Reuters агенттиги жазып чыкты.

Агенттиктин маалыматына караганда, Макгрегор Дублинде жол эрежесин бузган деген айып менен камакка алынган.

«МакГрегор тренажер залына айдап бара жатып, гардаи  (Ирландиянын полициясы) аны жол эрежесин бузган деген жүйө менен токтотушкан. Ал баңги жана алкоголдук ичимдиктерди ичкендиги тууралуу текшерүүдөн өткөн», — деди спортчунун өкүлү.

Irish Independent гезити Макгрегордун болжол менен 170 миң еврого барабар болгон Bentley унаасы камакка алынгандан кийин конфискацияланганын, бирок кийин ага кайтарылып берилгендигин жазды. Спортчуга айып тагылгандан кийин ал кое берилген. Бул иш боюнча сот келерки айда болот.

Белгилей кетсек, кооптуу айдоо үчүн ирландиялык мушкер 5 миң еврого чейин айып пул төлөйт же алты айга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

2017-жылы Макгрегор катуу ылдамдыкта жүргөнү үчүн ушул эле сотко келип, андан кийин 400 евро айыпка жыгылган.

Эске салсак, 2021-жылдын 10-июлунда Лас-Вегаста өткөн UFC 264 турниринде Конор Макгрегор америкалык Дастин Порье менен болгон беттеште бутун сындырып алган жана ошондон бери мушташа элек. Аралаш мушташ боюнча ирландиялык алты жеңилүү менен 22 жеңишке жетишкен, буга чейин UFCнин жеңил салмактагы чемпиондук курларына ээ болгон.