Коом

Бишкекке Тажикстандан ЕАЭБдин эрежелерин бузган эки тик учак келген

 

“Манас” бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 17-августунда Кыргызстанга ЕАЭБдин бажы аймагынан, тагыраагы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынан «Ф.С.Э.» ЖЧКнын дарегине «МИ-8», «МТВ-1» учактары келген.

ЕАЭБдин мыйзамдарына ылайык, ЕАЭБдин бажы аймагына товарларды ташып кирүүдө товарларга бажы операцияларын жүргүзүү каралган. Бирок келген учурдан тарта аталган тик учактарга карата кандайдыр бир бажы операциялары жүргүзүлгөн эмес.

Товардын наркы 640 миң долларын түзөт. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 3 миллион 519 миң 723 сомду түзгөн.

Бул факты боюнча материалдар Башкы прокуратуранын карамагына өткөрүлдү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button