КоомСаясат

Садыр Жапаров «Манас» эпосунун кыскача вариантын якут тилине которгон Александр Жирковго алкыш жарыялады

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 25-мартта, Россия Федерациясынын Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын (Ил Тумэн) төрагасынын биринчи орун басары, «Эпос» Эл аралык ассоциациясынын вице-президенти менен Александр Жирков жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Саха (Якутия) Республикасынын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Саха (Якутия) Республикасынын Мамлекеттик жыйынынын төрагасынын биринчи орун басары өз сөзүндө бирдиктүү Алтай бутагына кирген кыргыз жана якут элдеринин тарыхый жана маданий жалпылыгын белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын жана Якутиянын мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн жана өнүгүшүнүн башатында турган советтик көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Максим Аммосовдун эки республиканын улуттук интеллигенциясын коргоодогу маанилүү ролун белгиледи.

«Максим Аммосовдун эң бийик көтөрүлүшү жана эң чоң трагедиясы Кыргызстан менен байланышкан», — деди Александр Жирков.

Александр Жирков быйылкы жылы маанилүү тарыхый окуялар: Саха Республикасынын (Якутия) 100 жылдыгын жана Максим Аммосовдун туулган күнүнүн 125 жылдыгын майрамдоо пландалып жатканын белгилеп, Саха (Якутия) Республикасынын жетекчилигинин атынан ушул майрамдарды чогуу белгилөө үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясын Саха (Якутия) Республикасына иш сапары менен келүүгө чакырды.

Өз кезегинде Сүйүнбек Касмамбетов Кыргызстан менен Якутиянын ортосундагы маданий-гуманитардык жана башка байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө кыргыз тараптын жогорку кызыгуусун билдирди, ошондой эле быйылкы жылы Саха (Якутия) республикасы сыяктуу эле Кыргызстанда да пландаштырылган иш-чараларга катышууга даяр экенин билдирди.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун башка маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан эки тараптуу маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Александр Жирковго алкыш жарыяланды.

Белгилей кетсек, Александр Жирков «Манас» эпосунун кыскача вариантын якут тилине которгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button