Коом

ӨКМ: Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 26-мартынан 28-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымында (Өтмөк ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-76, 84-92-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-95-чакырымында, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун (Талдык ашуусу) 160-179-чакырымында, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137-чакырымында (Батман-Көл айылы), 147-150-чакырымында (Кара-Тейит айылы), Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button