Коом

«Кыргыз Темир жолундагы» жаш жетекчилер, 9 айдагы реформанын жыйынтыгы айтылды

 «Кыргыз Темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков ишканадагы ийгиликтерди санап берди.

«Темир жолдун тамыры  терең, келечеги кенен болсун!

Өлкөдө туруктуулук, элде ынтымак, кызматта мамлекетчил инсандар, ынтымак команда болсо — Кыргызстаныбызда өнүгүү болот.

Президент Садыр Жапаров тапшырма койгон, биздин команда аны ишке ашырууда.

Баса, команда жаңыланууда. Улуу муундун тажрыйбасын алып, жигердүү жаш жетекчилер демилгени колго алды. Учурда Башкы директор Азамат Сакиев, анын орун басарлары башкармалык, филиалдар жана бөлүмдөрдүн жетекчилери дээрлик 30 жаштын ичиндеги жаштар.

Жетекчилик алмашкан 9 ай ичинде ишканабыз өзүнүн каражатына:

— Жүк  ташуучу 100 даана жарым вагондорду сатып алды.

— Темир жолдор оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

— Ишкананын мурдагы карыздарын жаап, мамлекетке киреше алып келди.

— 20 000 даана темир бетон шпалдарын сатып алды.

— 20 чакырым рельстер алынды.

— Балыкчы-Кочкор темир жолун өзүнүн мүмкүнчүлүгү менен куруп баштады.

Мындан тышкары ири жана майда ийгиликтери арбын. Албетте мындай жыйынтыктарыбызды сыймыктануу менен сиздерге бөлүшкүбүз келет»-дейт Орунбеков.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button