Кылмыш-кырсык

Чыңгыз Мамаевдин камакка алынышы боюнча милиция үн катты

Белгилүү актёр Чыңгыз Мамаевге карата 155-берененин негизинде (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) кылмыш иши козголгон.

Милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган факт Свердлов райондук милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) негизинде кылмыш иши козголду.

«Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан соң Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынды. Тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти райондук милициядан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button