Германиянын тургуну  эмдөө сертификаттарын сатуу үчүн COVID-19га каршы 90 эмдөө жасады, деп билдирет Sky News порталы.

Маалыматына ылайык, Германиянын чыгышындагы Магдебург шаарынан келген, Германиянын купуялуулук эрежелерине ылайык аты-жөнү ачыкталбаган 60 жаштагы киши чыгыштагы Саксония штатындагы эмдөө борборлорунда бир нече ай бою дээрлик 90 жолу коронавируска каршы эмделген.

Шектүү кармалган эмес, эмдөө картасын уруксатсыз берген жана документтерди жасалмалаганы үчүн тергөө иштери жүрүп жатат. Ал Эйленбург эмдөө борборунда кармалып, дарынын кийинки дозасы үчүн эки күн катары менен ошол эле жерге келген.

Белгиленгенден көп жолу эмдөө менен ал эмдөөдөн өтүүнү каалабагандарга вакцинанын чыныгы сериясынын номерлери камтылган жасалма документтерди сатууга жетишкен деп болжолдонууда. Милиция андан бир нече бланк эмдөө карталарын алып, кылмыш ишин козгогон.

Белгилүү болгондой, пандемия учурунда Германия айрым мекемелерге, ресторандарга, театрларга, кээ бир жумуш орундарына жана бассейндерге кирүү үчүн эмдөө сертификаттарын талап кылган. 2020-жылы пандемия башталгандан бери өлкөдө 21,6 миллиондон ашык коронавирустун учурлары жана 130,029 өлүм катталган.