Коом

Лейлек районунда жаңы курулган бала бакча пайдаланууга берилди

Лейлек районунун Кулунду айылындагы  “Бурул эне” балдар бакчасынын  жаңы имаратынын ачылышы  болуп өттү. Бул тууралуу Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Иш-чарага Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов  жана тиешелүү  жетекчилер, айыл тургундары катышты.

«Бала бакчанын ачылышы жакшы жетишкендик экенин айтты. Бул аракеттер ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетип, өсүп келе жаткан жаш муундардын билим сапатын жогорулатууга салымы чоң болот»,- деди аким.

Белгилей кетсек ,аталган мекеменин  курулуш иштери 2019-жылы башталып ,  бүгүнкү күндө толугу менен бүткөрүлгөн.

«Балдар бакчасы 140 орунга ылайыкташкан. Жалпы сметасы 42 млн  сомду түзүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, «Илек-Илек» ЖЧК  курулуш ишин ишке ашырган. Азыркы күндө 315 балага 13 тарбиячы билим тарбия берүүдө.

Балдар бакчасы керектүү эмеректер-жабдыктар  менен толукталып, заманбап шартта бүткөрүлгөн», деп айтылат маалыматта .

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button