Коом

Министрлик: 7 жаштагы бала сүннөткө отургузгандан эмес, жүрөгү токтоп каза болгон

Сүннөткө отургузуу операциясы учурунда каза болгон бала кан жоготуудан эмес, жүрөгү токтоп калгандыктан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

“Наркоз сайып жаткан учурда баланын жүрөгү токтоп калган. Учурда оорукананын жетекчилиги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кечээ Бишкекте 7 жаштагы бала сүннөткө отургузгандан кийин көз жумган. Анын №3 балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүнө «Платтер синдрому, катуу жарааттан кан кетүү» диагнозу менен жеткирилип, эсине келбей каза болгону маалым болгон.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button