Коом

Казак жоокери Улыкбек Бердишовдун сөөгү Кыргызстандан табылды

Бир айдан бери изделип жаткан 19 жаштагы казак жоокери Улыкбек Бердишовдун сөөгү Кыргызстандан табылды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар аскерге чакырылган жоокердин агасы Бауржан Мерековго шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, жигиттин жансыз денеси Кыргызстандын тоолорунан табылган. Белгиленгендей, маркум жоокердин кийиминин бир бөлүгүн алгач жергиликтүү чабан тапкан. Кийинчерээк анын сөөгүн келген аскер кызматчысынын жакындары табышкан.

halyq-uni.kz

Жоокердин жакындары ал жигит кызматка 6 ай мурун келгенин, бир да жолу эч нерсеге нааразы эмес экенин айтышкан. Аскер кызматкери 2022-жылдын 2-мартында Жамбыл облусунун Меркен чек ара заставасынын «Андас баатыр» чек ара заставасында дайынсыз жоголгон.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button