Белгилүү журналист, публицист, жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Баратбай Аракеев дүйнө салды. Кабарды анын жакындары тастыктады.

Алардын айтымында, Аракеев буга чейин инсульт алып, саламаттыгы бир аз начарлап калган. 11-апрель күнү түштөн кийин жүрөгү кармап көз жумган.

“Бишкектеги үйүндө китептерин текчесине тизип жатып жыгылыптыр. Тилекке каршы, ооруканага жетпей үзүлгөн. Балдары, жакын туугандары сөөгүн кичи мекенине алып кетишти”, — деп билдирди маркумдун жакындары.

Жазуучунун сөөгү 13-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Жон-Булак айылында жерге берилери айтылды.