Коом

Кыргызстанда “Жашыл мурас” интернет-порталы ишке кирди

Президенттин администрациясынын реформаларга мониторинг жана анализ бөлүмүнүн башчысы Азамат Темиркулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстанда “Жашыл мурас” интернет-порталы ишке киргендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнүн алкагында өлкө аймагында бак-дарак отургузуу иштери жүрүүдө.

“Ошол бак-дарактарды отургузуп койбой, аны унутпай суугарып, багуу керек. Мындан улам “Жашыл мурас” интернет-порталы иштелип чыкты. Ар бир мамлекеттик орган, жергиликтүү бийлик жана жеке жактар отургузган бактардын санын, анын түрү тууралуу маалыматтарды толук Мамлекеттик токой кызматына ар бир айдын бешине чейин бериши керек. Андан кийин ал маалымат порталга жүктөлөт. Отургузулган көчөттү мониторинг кылуу үчүн интернет-портал иштелип чыккан”, — дейт ал.

Темиркулов порталда карта болуп, сезон аяктаганда отургузулган көчөттөрдүн канчасы багылып, өсүп кеткенин көзөмөлгө алынарын белгилейт.

Айыл чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик токой кызматынын директору Алмаз Мусаев интернет-порталга бир гана отургузулган көчөттүн күнү, саны, түрү жана жеринен тышкары сүрөт, видео жүктөсө дагы болорун айтат.

“Портал үч тилде даярдалууда. Азыр толук иштелип бүтө элек, толукталып жатат. Сайтта ошондой эле көмүртекти нейтралдаштыруунун онлайн калькулятору бар. Анда бак-дарактын түрүнө жана санына жараша көмүртектин нейтралдаштыруусун чыгарып берет. Эгер жеке уюмдар же адамдар белгилүү жерге бак отургузууну каалап, арыз калтырса, биз логистика маселесин чечип беребиз”, — деп  ал.

Мусаев 2022-жылы Мамлекеттик токой фондунун 1 миң 130 гектар жерине 1 млн 380 миң даана көчөт отургузуу пландалып жатканын кошумчалады.

“Бул иш-чарага 97 млн сом каралган. Бүгүнкү күнгө карата токой фондунун 435 гектар жерине 164 миң көчөт отургузулду. Аны менен бирге токой эмес жерлердин 50 гектарына бак-дарак тигилди”, — деди Мусаев.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 2022-жыл — Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында 12-мартта “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн баштаган. Ага ылайык, жыл сайын өлкө боюнча 5-6 млн көчөт отургузуу пландалууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button