Владимир Путин менен Александр Лукашенко жолугуп, Амур облусундагы «Восточный» космодромунда болушту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалым болгондой, Орусия менен Беларустун президенттери өлкөлөрдүн кызматташтыгы, Украинадагы кырдаал, жамааттык Батыштын санкциялык кысымына каршы биргелешкен чаралар, аймактагы жана дүйнөдөгү кырдаалды талкуулашты.

Путин ошондой эле Роскосмостун Айдын программасын — Луна-25 автоматтык аппаратын ишке киргизүүнү кайра баштоо пландары жөнүндө айтты.

«Биз жаңы муундагы транспорттук кемени жана өзөктүк космостук энергия үчүн технологияларды түзүүнү улантабыз, анда биз, албетте, абдан жакшы жана так артыкчылыкка ээбиз. Биз Ай программасын кайра улантабыз», — деди Путин.