Баткен ОИИБнын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, башка күч органдары  менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Баткен ОИИБнын жана Согди ОИИБнын кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б.Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө.

Ошондой эле, Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында, Кулунду айыл аймагына караштуу Максат айылдарында жергиликтүү элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында, күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ушуну менен эле бирге Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБ кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо.

Учурда кыргыз-тажик чектешкен аймакта абал туруктуу.

Окуя болгон жерде кечээ күндөн бери Баткен ОИИБы жетекчиси милициянын полковниги Мурат Боронов жергиликтүү ИИО кызматкерлери менен коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларын көзөмөлдөөдө.