Коом
13-апрелге карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 13-апрелде, күндүз Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 20…25, Таласта 19…24, Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 15…20 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы 22…27 градуска чейин жылуу болот.
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал, күндүз 20…22 градуска чейин ысык болот.