Бүгүн, 13-апрелде, саат 11:00дө Баткендин Жаңы-Жер айылында Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн ортосунда кайрадан жолугушуу өтөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, түнкү саат 3:00дөр чамасында тажик тарап менен жолугушуу болгон.

“Анда чек арадагы окуя эмне себептен чыкканын тактоо жана биргеликте иликтөө жүргүзүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле эки тараптын аскер техникаларын чыгарып кетүү жана Исфара-Арка жолунда кыргыз-тажик милиция кызматкерлеринин күзөт кылуусун макулдаштык. Мындан сырткары, бүгүн саат 11:00дө Жаңы-Жер айылында тажик тарап менен жолугушуу өткөрөбүз”, — дейт ал.

Алимбаев Баткен жана Исфара районунун акимдери ортосунда жолугушуу пландалып жатканын кошумчалады.

“Жалпысынан кырдаал тынч”, — деди облус башчысы.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Чек ара кызматынын акыркы маалыматына таянсак, Кыргызстан менен Тажикстан күч жана каражаттарын алып кете баштады.