Кыргызстандын чек арага жакын аймактарынын тургундары чек арада  дагы качан ок атышуулар болуп кетет деп чочулап жашап жатышат.  Бул тууралуу депутат Миргүл Темирбаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат жарандардын коопсуздугун камсыздоого чакырды.

«Лейлектин тургундары эртең дагы ок атышуулар башталат деп чочулап жашап жатышат. Бул канча убакытка созулат? Биз бир ойду айтышыбыз керек. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, бирок жыйынтык жок. Чек араны бекемдемейинче аймакты өнүктүрүү тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Былтыр да Рамазан айында Тажикстан бизге кол салган. 36 адам каза болгон. Ошондон кийин аймактын коопсуздугун чыңдоо боюнча кандай чаралар көрүлгөнүн уккан жокпуз», — деди ал.

Миргүл Темирбаева чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын карап чыгууну сунуштады.

«Комитетте кимдер бар? Биздин кызыкчылыгыбызды коргой турган адистер барбы? Комиссиянын курамына райондун ар бир жерин жакшы билген жергиликтүү тургундар, аксакалдар кириши керек”, — дейт эл өкүлү.