Баткен облустук соту Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы Саатбек Эгембердиев менен Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Бекжан Жалиловго карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты аларды жакындары тастыкташты.

Алардын айтымында, бүгүн облустук сот жактоочу Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиевдин арызын карады. Алардын бошотулганы айтылды.

Белгилей кетсек, 27-мартта райондук сот эки шектүүнү тең эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Алар коррупция боюнча айыпталууда.

Буга чейин журналист Ыдырыс Исаков мурдагы айыл өкмөт башчысы Турабай Бостоновго, анын мүлкү жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана прокуратура өкүлдөрү менен болгон үй-бүлөлүк байланыштары боюнча иликтөө жүргүзгөн. Бекжан Жалилов менен Саатбек Эгембердиев интервью берип, Турабай Бостоновдун мыйзам бузуулары тууралуу айтып беришти. Алардын айтымында, мурдагы айыл өкмөт башчысы бир нече объектилерди менчиктеп алган.

Өз кезегинде Турабай Бостонов айтылгандарды жалаа деп белгилеп, далилдүү документтерди көрсөткөн.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев президент жана башкы прокурор Курманкул Зулушевден экс-чиновник тууралуу маалыматка жооп берүүсүн талап кылып, аны “Баткендин олигархы” деп атады. Кийинчерээк Башкы прокуратура маалыматты текшере баштаган. Жыйынтыгында Баткен районунун, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын прокурорлору ээлеген кызматынан бошотулду.