КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Лейлек районунун Жаштык айылынын эли менен жолугушуп, биргеликте ыйык Рамазан айынын урматына өткөрүлгөн ооз ачууга (ифтар) катышты. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган саамалыкта облус башчысы чек ара аймагынын элинин көйгөйүн жеринде угуп, суроолоруна жооп берди.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл айыл аксакалдары, жергиликтүү тургундар менен биргеликте ыйык Рамазан айында өлкөнүн,  анын ичинде Баткен облусунун тынчтыгы, өсүп өнүгүүсү үчүн дуба кылышты.

Белгилей кетсек облус башчысы Абдикарим Алимбаев бүгүн Лейлек районунун Жаңы-Жер айылында түнөп, чек ара аймактарындагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алат.