Коом

ИИМ: «Жашыл мурас». ИИМдин Республикалык окуу борборунун кызматкерлери бак отургузуу өнөктүгүнө катышты

Бүгүн, 16- мартта шаардык ишембиликтин жүрүшүндө ИИМдин Жапар Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун кызматкерлери “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүнө катышты.

Алар “2022-жылды тоолордун экологиялык тутумун коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруунун алкагында, “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгүн жүзөгө ашыруу максатында Бишкек шаарынын Жибек Жолу жана Чүй Проспектисинин аралыгында Жаш Гвардия бульварынын ортосуна атайын жогорку сапаттагы дарактарды олтургузушту.
ИИМдин түзүмдөрү да “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында аларга бөлүнүп берилген аймактарга көчөттөрдү отургузат жана аймактарды жашылдандыруу иш-чараларын колго алат.

Белгилей кетсек, ишембилик өткөрүү ички иштер министрлигинин салтына айланган, жыл сайын аймактарды жакшыртуу, жашылдандыруу жана тазалоо, бак-дарактарды актоо, тегерек-четтерди тазалап иретке келтирүү иштерин жасашат.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button