Саясат

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Баку шаарына болгон расмий сапарынын алкагында Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев менен тет-а-тет форматында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары кыргыз-азербайжан эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Ильхам Алиев өз сөзүндө азербайжан тарап кызматташуунун бардык багыттары боюнча жигердүү кызматташууга умтуларын баса белгилеп, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Азербайжандын Президенти белгилегендей, бүгүн экономикалык кызматташуу, соода жүгүртүүнү жогорулатуу жана аймактык коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, көптөгөн документтерге, анын ичинде башкысы – Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлуп, ал кыргыз-азербайжан мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрөт.

Өз кезегинде Президент Садыр Жапаров Ильхам Алиевге Азербайжанга расмий сапар менен келүүгө чакыргандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Кыргыз-азербайжан мамилелеринин пайдубалын эл аралык даражадагы тарыхый инсан Гейдар Алиев түптөгөнүн баса белгилей кетүү маанилүү. Ошондон бери Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда биздин элдерибиздин ортосундагы терең тарыхый жана руханий байланыштарга негизделген абдан жакшы мамилелер түзүлдү”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал боордош Азербайжан менен эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирди.

Көзмө-көз жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдү кеңейтилген курамда улантат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button