КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы Баткен облусун өнүктүрүүгө 500 млн сом акча каражаты тууралуу билдирүү таратты. 

1) КР Президенти тарабынан Баткен облусуна өзгөчө макам берүү боюнча жарлыгы кабыл алынган. Аталган жарлыктын негизинде,

2) КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-сентябрында № 159 токтому кабыл алынган.

Ошондой эле,

3) КР Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү программасын жана аны ишке ашыруу боюнча жол картасын бекитүү жөнүндө токтому кабыл алынган. Аталган жол картасынын негизинде республикалык бюджеттин эсебинен жылына Баткен облусун өнүктүрүүгө 500 млн сом акча каражаты карала тургандыгы чечилген.

Бул акча каражатын иштетүү боюнча атайын,

4) Министрлер Кабинетинин буйругу кабыл алынып, жумушчу топ түзүлгөн.Тагыраагы Баткен облусун өнүктүрүү боюнча атайын кеңештин жобосу бекитилген. Аталган кеңештин курамына КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, бардык министрликтердин биринчи орун басарлары, ЖК депутаттары, Баткен облусунун район акимдери, шаар мэрлери жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Бүгүнкү күндө аталган жол картадагы иш чаралардын планын аткаруу максатында район, шаарлардын сунуштары алынып, КР Экономика жана коммерция министрине тийиштүү сунуштар кароого жиберилген.

Жогорудагы Баткен облусун 2021-2035-жылдарда өнүктүрүү программасынын алкагында Баткен облусунун чек арага чектеш 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн бир катар жеңилдиктер аныкталды.

Тагыраагы:

  1. КРнын социалдык фонду тарабынан 2022-жылдын 1-мартынан тартып Баткен облусунун өзгөчө статуска ээ болгон чек ара аймактарында туруктуу жашаган жарандардын пенсияларына 2000 сомдон ай сайын төлөнүүчү компенсациялык төлөмдөр бериле баштады.
  2. 2022-жылдын 1-мартынан тартып пособие алуучулардын үй-бүлөлөрүнүн ар бир баласына “Үй-бүлөгө көмөк” компенсация төлөнүп бериле баштады, тактап айтканда ар бир балага кошумча 1000 сомдон жөлөк пул төлөнүп берилүүдө;

Мындан сырткары КРнын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 311 токтомуна ылайык 2022-жылдын 1-январынан тартып чек арага чектеш 62 айылдын Социалдык тармагында тагыраагы дарыгер, мугалим жана айыл өкмөттө эмгектенген кызматкерлердин мамлекет тарабынан алынган эмгек акысынан алынган,

— киреше салыгынын ставкасы 10% дан 5% га чейин төмөндөтүлдү ;

Ошондой эле 62 айылдын ишкерлери,

— пайда салыгынан толук бошотулду ;

— сатуудан алынуучу салыктан толук бошотулду ;

Аны менен бирге, жергиликтүү кеңештердин чечими менен 2 жана 3-топтогу мүлк жана жер салыгын төлөөдөн бошотулду.

Ошондой эле КР Президентинин «Баткен облусунун статусу жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында, КРнын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-февралында Баткен облусунун калкына мамлекеттик органдар тарабынан акысыз же жеңилдетилген негизде көрсөтүүчү 7 мамлекеттик кызматтар да аныкталды.

Алар:

  1. КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги;
  2. КР экономика жана коммерция министрлиги;
  3. КР Саламаттыкты сактоо министрлиги;
  4. КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
  5. КР Билим берүу жана илим министрлиги;
  6. КР Ички иштер министрлиги;
  7. КР Министрлер Какбинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
  8. КРнын экономика жана коммерция министрлиги тарабынан төмонкү кызматтарга 10% жеңилдик берилип, 2022-жылдын 15-мартынан тартып күчүнө кирди.

— аккредиттелген лабораториялардын ишин инспекциялык контролдоону эске алуу менен эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык лабораториялардын компетенттүүлүгүн ырастоо 27 320 сом болсо, 10% жеңилдик берилгенден кийин 24 507 сом болду.

— контролдоонун акредиттелген органынын ишин инспекциялык конторлдоону эске алуу менен эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык контролдоо органынын компетенттүүлүгүн ырастоо 11 170 сом төлөнүп келсе, учурда 10 053 сом болду;

— табыштамалар жана келишимдер боюнча тийиштүү түрдөгү документ берүү менен ченөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө кызматы Баткендеги сыноо сертификаттоо жана метрология борбору тарабынан өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү 10% төмөндөдү.

  1. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан Баткен облусунун калкына мамлекеттик кызматтардын Бирдиктүү реестрине ылайык 2022-жылдын 15-мартынан тартып

— Көкүрөк органдарынын флюрографиясы;

— Рентгенографиялык изилдөө;

— Ички органдарды ультра үндүү изилдөө (УЗИ) кызматтары акысыз жүргүзүлөт.

Ал эми облустун стационардык денгээлдеги саламаттыкты сактоо уюмдарында Терапиялык профилдеги кошумча төлөм:

— Минималдуу денгээлде 330 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 165 сом болду;

— Орточо деңгээл 840 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 420 сом болду;

— Максималдуу деңгээл 2640 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 1325 сом болду.

Хирургиялык профилдеги кошумча төлөм:

— Минималдуу денгээлде 430 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 215 сом болду;

— Орточо деңгээл 1090 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 545 сом болду;

— Максималдуу деңгээл 3440 сом төлөнүп келсе 50% жеңилдик менен, 1720 сом болду.

Ошондой эле 5 жаштан 16 жашка чейинки балдарды паразитологиялык изилдөө кызматына да 50% жеңилдик берилди, же болбосо буга чейин 128 сом төлөнүп келсе бүгүндөн тартып 64 сом төлөнөт.

  1. КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөсү боюнча долбоордук жана сметалык документтерге экспертиза жүргүзүү жана макулдашууга 50 % жеңилдик каралды.

Тактап айтканда арызда көрсөтүлгөн объектинин көлөмүнө жараша мамкурулуш агенттиги тарабынан бекитилип берилген баалардын негизинде жасалган калькуляциянын суммасы 50% жеңилдик катары аныкталат.

  1. КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Баткен мамлекеттик университетинин студенттерине түшүндүрүү иштери жүргузулүп, бүгүнкү күнгө документтерин чогултуу иштери жүрүүдө.

Ал эми токтомдо белгиленген тоголок жетим, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, социалдык аялуу катмардагы үй-бүлөдөн келген студенттер жана жалаң 5 деген баага окуган студенттерге окуу жылынын аягына чейин комиссия тузүлүп, жыйынтыгы менен 25-50% жеңилдиктер берилет.

  1. Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан (архив):

— 2022-жылдын 15-мартынан тартып жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптар боюнча социалдык укуктук жана тематикалык мүнөздөгү маалыматтарды берүүдө (справка) мамлекеттик архивдик мекемелер аткарган акы төлөнүүчү жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө 50% жеңилдиктер берилди.

Тактап айтканда:

— эмгек акы жөнүндө справка учун кызмат акы 68 сом болсо, 50% жеңилдик берилгенден кийин 34 сом болду,

— айыл өкмөтү мүлккө токтом чыгаргандыгы жөнүндө справка үчүн кызмат акы 310 сом болсо, 50% жеңилдиктен кийин 155 сом болду;

-ноториалдык конторанын справкасы үчүн кызмат акы 410 сом болсо, 50% жеңилдиктен кийин 205 сом болду.

  1. Ички иштер министрлиги тарабынан — соттолбогондугу тууралуу маалымкаттарды акысыз берүү каралды.

Ушул эле кызмат Этникалык кыргыздар убактылуу Баткен облусунун аймагында каттоого турса, алар үчүн да жогоруда аталган кызмат акысыз болот

Ал эми салык кызматы боюнча:

Баткен облусунун баардык аймагында киреше салыгынан жана сатуудан алынуучу салыктын түрүнөн өндүрүштүк ишти жүзөго ашыруучу салык төлөөчүллөр толугу менен бошотулду.

Алар:

— Инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн бардык түрлөрү,

— Жеңил жана тамак-аш өнөр жайы,

— Электр энергия,

— Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү,

— Чогултуу өндүрүшү,

— Ар кандай экспортко багытталган өндүрүш.

Ошондой эле Баткен облусуна инвесторлорду тартуу максатында:

Инвестицияларга КР башка аймактарда 3 миллион АКШ доллардан кем эмес болсо Баткен облусуна 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндө мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Ал эми Баткен облусу үчүн тоо-кен тармагына инвестицияларга 10 млн АКШ доллар болсо КР калган аймактарда 20 млн АКШ доллардан кем эмес мамлекеттик кепилдиктер берилет.

Мындан тышкары мамлекет тарабынан инвесторлорго келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттенет.

Муну менен биз инвесторлордун Баткен облусуна болгон кызыгуусун жарата алабыз.

Жогорудагы айтылган баардык жеңилдиктердин баары КР Президенти Садыр Жапаровдун «Баткен облусунун өзгөчө статусу жөнүндөгү» жарлыгынын жана КР Министрлер Кабинетинин «Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү» программасынын негизинде аткарылды.

Учурда облусту өнүктүрүү программасы ишке ашып жатат.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы