Коом

Өлкөдө аз камсыз болгон 27 миң үй-бүлөгө байытылган ун жана май таратылат

Бүгүн, 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу Россия тараптан берилген 810 тонна байытылган ун жана 120 тонна өсүмдүк майын алды. Бул тууралуу аталган  министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, БУУ ДАП колдогон долбоорлорго катышкан 27 миң үй-бүлөгө буудай уну берилет.

«Жардам «эмгек ордуна азык-түлүк» долбоорунун катышуучуларына берилет, ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн акысыз түшкү тамак даярдоо үчүн өлкөнүн мектептерине бөлүштүрүлөт.

Ар бир үй-бүлөгө 150 килограмм ун жана 15 литр өсүмдүк майы берилет», — деп айтылат маалыматта.

Сөз болуп жаткан долбоорлорго аз камсыз болгон жарандардын ирригациялык тармактарды жана ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын калыбына келтирүүгө, бак-дарактарды отургузууга, жээктерди бекемдөөгө, республика боюнча көпүрөлөрдү жана дренаждык тутумдарды курууга катышуусу кирет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button