Садыр Жапаров: Бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү
Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүткөнүн белгиледи.
“2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын 1-апрелине чейинки аралыкта республикалык бюджеттин эсебинен 159 социалдык объекттин курулушу бүттү.
— 68 мектеп;
— 16 бала бакча;
— 12 саламаттык сактоо объектиси;
— 4 маданият объектиси;
— 4 спорт объектиси;
— 23 таза суу объектилери;
— 11 башка объекти (административдик имараттар
стационардык транспорттук көзөмөл пункту, ипподром ж.б.);
— 21 капиталдык оңдоп-түзөө объектиси курулуп бутту.
Жогорудагы объектилерди курууга республикалык бюджеттин эсебинен 4 миллиард 929 млн сом акча каражаты каржыланган”, — дейт өлкө башчысы.
Мындан тышкары, мамлекет башчысы башка каржылоо булактардын эсебинен 113 социалдык объектинин курулуштары бүткөрүлгөнүн белгиледи.