Коом

УКМК башчысы Ташиев Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу маалыматты   Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы ырастады.

Ташиев сурактан кийин ал 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча суракка чакырылганын билдирди.

“Тергөө кандай жүрүп жатканын билбейм, бирок мен билгендеримди айтып бердим. Мунун бары мамлекеттик комиссиянын отчетторунда негизги күнөө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө жүктөлгөн. Түштүктө өз бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү сепаратисттерди колдошкон. Натыйжада жүздөгөн адамдар өлүп, миңдеген адамдар жарадар болуп, мамлекетке зыян келтирилген”, — деди Ташиев.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button