Коом

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы аба каттамдары 28-апрелден тарта жанданат

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Аида Исмаилова T’Way авиакомпаниясынын компаниянын президенти Йонг Хонг Ген жетектеген делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Тараптар Бишкек-Инчхон-Бишкек түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Элчи Түштүк Кореянын авиакомпаниясына пандемия учурунда эки өлкөнүн жарандарын алып чыгууга жана гуманитардык жардамды жеткирүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошону менен катар элчи айым, эки өлкөнүн жарандары түз аба каттамдарын ачууга кызыкдар экенине жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жаткандыгын белгилеген.

Өз кезегинде Йонг Хонг Ген компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемиядан улам чек аралар жабылганына байланыштуу үзгүлтүксүз каттамдар кийинкиге калтырылганын айтты.

Компаниянын президенти белгилегендей, авиакомпания туруктуу каттамдар ачылганга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар. Мындай каттамдардын бири 28-апрелге белгиленген.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгынын кеңейишине түрткү болорун макулдашты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button